Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков Ооганстан парламентинин төрагасына жер көчкү курмандыктарына байланыштуу көңүл айтты

Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков Ооган Ислам Республикасынын Улуттук ассамблеясынын Волеси Жиргасынын төрагасы Абдул Рауф Ибрагимиге 2-майда Бадахшан провинциясынын Аргу уездинде болгон жер көчкү курмандыктарына байланыштуу көңүл айтты. Бул тууралуу бүгүн, 3-майда ЖКнын басма сөз кызматы билдирди.

“Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын жана өзүмдүн атымдан кырсыктан каза болгондордун жакындарынын аза кайгысын тең бөлүшөбүз. Ал эми жабыр тарткандардын тез сакайып кетүүсүн каалайбыз” деп жазылган көңүл айтуу катында. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан