Кечээ, 2-майда Ооганстандын Бадахшан провинциясындагы Хобо-Барик айылында жер көчкү жүрүп, ал бүтүндөй бир айылды басып калган. Анын кесепетинен 2500дөй адам дайынсыз болууда. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
"300 үй жер астында калып, 2500дөй адам дайынсыз. Айылды 10-20 метр бийиктиктеги көчкү басып калыптыр. Алардын тирүү калышына ишенимим жок",- деп билдирген провинциянын губернатору Валиулла Адеб маалымат каражаттарына.
Ооганстандын Кырсыктар боюнча улуттук департаменти бул аймакта жер көчкүлөр дагы кайталанышы мүмкүн экенин кабарлап жатат. Департамент азыр 4000дей адамды эвакуациялап, аларды тамак-аш, таза суу, чатыр жана төшөнчүлөр менен камсыз кылып турганын билдирген.
Белгилей кетсек, акыркы апталарда өлкөнүн түндүгүндө тынбай жааган жаандан улам түрдүү кырсыктар кайталанып, миңдеген эл үй-жайсыз калган.