Талас. Жаңы жылдын алгачкы 7 күнүндө автокырсыктан жабыркаган 15 адамга медициналык жардам көрсөтүлдү
Талас облустук биргелешкен ооруканасынын травматология бөлүмүнүн башчысы Марат Умаралиев билдиргендей, 2013-жылдын 1-январынан 7-январына чейин автокырсыктан жабыркаган 15 адам келип түшкөн. “Алардын бири - Бакай-Ата районунун Кыргызстан айылынын тургуну К.Асылбекова аттуу кыз Бишкек шаарынан келе жаткан автоунаадан Талас районундагы Көк-Кашат айылынан автокырсыкка учурап, оор жаракат менен "Тез жардам" бөлүмүнө түшүп, эсине келе албай көз жумган. Башкалары ар кандай жарааттар менен түшүп, бүгүнкү күндө оор жаракат алгандардан башкасы үйлөрүнө чыгарылды” дейт бөлүм башчы.