Өткөн сутка ичинде өлкөдө 4 ири өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу бүгүн, 3-майда ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 2-майда Красная Речка айылында чарба курулушунан өрт чыгып, өрт өчүрүүчүлөр 3 саатта өчүрүшкөн. Ушул эле күнү саат 15:00 чамасында Ысык-Көл облусундагы Жыргалаң суусунун боюндагы 4 гектар кургак чөп талаасы өрттөнүп, майда бадалдарды кошо жалмап кеткен. Ошондой эле бул күнү Ат-Башы районунда да ири өрт кырсыгы катталып, анда кампадагы 5 тонна дан эгини күйүп кетти. Бул кырсык 5 жаштагы баланын ширеңке менен ойноосунан келип чыккандыгы аныкталган. Ал эми Жалал-Абадда катталган өрт кырсыгынан чарба курулушунун 80 чарчы метр аянты жана андагы малдын тоюту, курулуш материалдары күйгөн.