Жылнаама, 4-май: Мындан 140 жыл мурун кыргыздын мундуз уруусу Орусия империясынын курамына кабыл алуу өтүнүчүн билдирип генерал Г.А.Колпаковскийге кайрылган

* Мындан 140 жыл мурун 4-майда кыргыздын мундуз уруусунун өкүлдөрү Алтыбай бий, Жанузак бий жана Махмуд мырзалар мундуз уруусун Орусия империясынын курамына кабыл алуу өтүнүчүн билдирип генерал Г.А.Колпаковскийге кайрылышкан. Кайрылууда алардын 1873-жылы Кокон хандыгынан бөлүнүп жана анын куугунтугунан качып Түркстан аскер округуна келгендиги кабарланат. Кокондуктар мундуз уруусуна кысым көрсөтүп эле тим болбой, аларды талап-тоноп, чекесинен кырып баштаган. Мундуз уруусунун өкүлдөрү генерал Г.А.Колпаковскийге эбак эле келгендигин билдиришкен. Бирок аларды Ташкентке киргизбей койгондугуна байланыштуу өкүлчүлүктүн генералга жашыруун келгендиги айтылган.

* 1919-жылы 4-майда Пишпек элдик депутаттар кеңеши эркиндик үчүн күрөшкөн жоокерлердин урматына Эмен сейил багындагы көрүстөнгө орнотула турган эстелик үчүн сынак жарыялаган. Уюштуруу комитети иштеп чыккан планга ылайык, байгелер белгиленип, 1-орун үчүн 3 миң рубль, экинчиге 2 миң, үчүнчү үч долбоордун ар бирине 1 миң рублдан сыйлык каралган.

* Мындан 32 жыл мурун, тагыраак айтканда, 1982-жылы ырчы жана обончу Алишер Тоотаев Теңизбаевич Ош облусунун Кара-Кулжа районуна караштуу Ылай-Талаа айылында төрөлгөн. Ош облусундагы Ниязалы Борош уулу атындагы музыкалык окуу жайын аяктаган. Алгач "Талас таңшыйт" аталышындагы сынакта сахнага чыккан болсо, кйинчерээк "Күтүшкөн күндөр", "Ачып койчу эшигиң" деген ырлары менен эл оозуна алынган. 2013-жылы "Маданияттын мыкты кызматкери" төш белгисине ээ болгон. Ошондой эле Кыргызстандагы болуп өткөн көптөгөн конкурстардын катышуучусу.

 * Мындан 35 жыл мурун, 1979-жылы 4-майда Улуу Британиянын тарыхында биринчи жана азырынча жалгыз өкмөт башчы аял Маргарет Тэтчер премьер-министр болуп шайланган. Улуу Британиянын 71-премьер-министри болгон Маргарет Тэтчер бул орунда 1990-жылдын 28-ноябрына чейин отурган.

Жылнаама толугу менен бул жакта ...

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
dkanu
2014-05-04 05:49:24
Мен Мундузмун. Мындай маалыматты биринчи угуп жатам.
0
asyl81
2014-05-04 11:17:53
мен да мундузмун
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан