“Кытайдын “Экспорт-Импорт” банкы кредиттик насыяны бекер берип жаткан жок”,- дейт өлкө башчы Алмазбек Атамбаев. Бул тууралуу кечээ, 2-май күнү Тогуз-Торо районунда түндүк-түштүк кошумча автожолунун расмий ачылышында билдирди.
Айтымында, түндүк менен түштүктү бириктирүүгө арналып салынып жаткан жолго кредиттик насыяны кытайлык банк 20 жылга 1-2 пайыздык үстөк менен берүүдө.
“Бул жолду курууга Кытай тарап 20 жылга 1-2 пайыз менен берип жатат. Бирок муну да айрым саясатчылар көрө албай жатышат. Анткени “Атамбаев "Датка-Кеминди", түндүк-түштүк жолун салам деп Кытайдан насыя алып, Кыргызстанды дагы карызга батырууда” деп айтып жатышат. Ал кредитти бергендерге берет, бербегендерге бербейт. Сиздер жакшы билесиздер, азыр 1-2 пайыз менен эч кандай банк насыя бербейт. Кытай бул акчаны кредит жана жардам катары берип жатат. Анткени Кытай Эл Республикасы көрүп жатат, Кыргызстан саясий оюндарды ойнобой, коңшу мамлекеттер менен дос болобуз деп туура жолго чыкты. Ошон үчүн Орусия да миллиарддаган карыздарды берип жатат”,- деди Атамбаев.
Эскерте кетсек, кытайлык “Экспорт-Импорт” банкы түндүк жана түштүк жолунун 1-фазасын курууга 400 миллион доллар кредиттик насыя бөлүп берген. Ал эми 2-3-фазанын курулушуна аталган банк кредит берери айтылууда. Автожолдун курулушун Кытайдын ”Чайна Роуд” деген көпүрө куруу, жолдорду салуучу компаниясы жүргүзүүдө.