"Өзбектер кыргыздарды өз чек арасынан өткөрбөй койсо, биз да аларды өткөрбөй коюшубуз керек" деди Турсунбек Акун

"Өзбектер кыргыздарды өз чек арасынан өткөрбөй койсо, биз да аларды өткөрбөй коюшубуз керек". Бул пикирди 8-январда акыйкатчы Турсунбек Акун билдирди. Анын айтымында, чек ара маселесинде кыргыздар жумшактык кылып жатат. "Баткендин айылдарында жашаган кыргыздар жумушсуздуктун айынан Бишкекке көчүп келе берип, алардын үйлөрүн өзбектер менен тажиктер сатып алып, жашап жатышат. Эмнеге биздин жарандар буга нааразы болуп чыгышпайт? Болор-болбос нерсеге өзбекстандык жарандар ызы-чуу салышууда. "Кыз боозуп энесин коркутат" дегендей болуп, алар эми "күнөө кыргыздардан кеткен, кырдаалды курчутту"  деп айыптап жатышат. Биз да өздөрүнө жараша жооп беришибиз керек, бийлик алсыздык кылбашы зарыл" деди Акун. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан