Премьер-министр Жоомарт Оторбаев кыргызстандыктарды 5-Май - Конституция күнү менен куттуктады. Куттуктоонун тексти төмөндө:
“Урматтуу кыргызстандыктар! Кымбаттуу мекендештер!
Сиздерди биздин өлкөбүздүн тарыхындагы белгилүү күндөрдүн бири – Кыргыз Республикасынын Конституция күнү менен өзүмдүн атымдан жана өкмөттүн атынан куттуктайм. Кыргыз Республикасынын биринчи Конституциясы мындан 21 жыл мурда – 1993-жылдын 5-майында кабыл алынып, укук менен мыйзамдын үстөмдүгүнө негизделип түзүлгөн демократиялык, суверендүү мамлекетти куруунун эң маанилүү принциптерин бекиткендиги белгилүү.
Өткөөл мезгилде Кыргыз Республикасынын Конституциясы көп курдай өзгөртүүлөргө дуушар болуп, алардын баары эле, тилекке каршы, өлкөбүздүн жарандарынын бакубат жашоосуна багытталган жок. 2010-жылдын апрелинде курман болгон баатырларды урматтап, Кыргызстандын эли мыйзам алдында бардык адамдар тең укукка ээ болгон мамлекетти куруу үчүн жаркын келечекке ишенүүсүн жоготпой келгендигин баса белгилей кетким келет.
Мына ушул жогоруда аталып өткөн окуялар жалпы элдик референдум өткөрүүгө мүмкүнчүлүк берип, анда бир адамдын же болбосо анын үй-бүлөсүнүн диктатурасын жокко чыгарууга мүмкүндүк берген өлкөнүн негизги мыйзамынын жаңы редакциясы кабыл алынган. 2010-жылдагы Конституция бийлик бутактарынын ортосундагы ыйгарым укуктарды так бөлүштүрүүгө шарт түзүп, бийликтин негизги булагы – Кыргыз Республикасынын эли шайлаган депутаттар фракцияларынын өкмөттү түзүү принциптерин орнотту. Мына ошентип, өкмөт чыны менен эл алдында отчёттуу болуп, ар бир жаран чыныгы, ачык-айкын шайлоолорго катышуу аркылуу аны түзүүгө катыша алат деп ишенимдүү айтууга болот.
Бүгүн биз Конституцияда чагылдырылган мамлекеттик түзүлүштүн жаңы системин кабыл алынгандан кийинки өсүп-өркүндөө жолунда алгачкы гана кадамдарды жасап жатабыз. Парламент менен бирдикте мыйзамдарды Конституциянын ченемдерине ылайык келтирүү боюнча чоң иш жасашыбыз керек, мындай мыйзамдар өлкөбүздүн турмушун жакшыртууга багытталууга тийиш. Биздин ийгилигибиз, биздин келечегибиз, өсүп келе жаткан муундарыбыздын келечеги Конституцияда көрсөтүлгөн максаттарга жетишүүгө жасалган кажыбас кайраттуу аракетибизге жараша болот.
Бүгүнкү күндө өлкөбүзгө стабилдүүлүк керек. Ошондуктан мындай стабилдүүлүктү биздин Конституция гана камсыз кылат жана камсыз кылууга тийиш, баш мыйзамыбыз кол тийгис болуп, биздин милдетибиз анын ченемдеринин сакталышын жана аларды кыйшаюусуз аткарылышын камсыз кылуу болуп саналат. Конституциянын жоболоруна таянуу менен биз мамлекеттүүлүгүбүздү бекемдеп, бакубаттуулукка жетишип, өлкөнүн жана ар бир жарандын экономикалык өсүп-өнүгүүсүнө жетише алабыз.
Кымбаттуу кыргызстандыктар!
Бүгүнкү салтанаттуу майрамда чын дилимден чың ден соолук, ийгиликтерди жана бакубаттыкты каалаган куттуктоомду кабыл алыңыздар”.