* Мындан 83 жыл мурун төкмө акын, СССРдин Эл артисти Эстебес Турсуналиев Манас районунун Арал айылында туулган. 9 жашында комуз чертүүнү үйрөнүп, 12 жашында өздүк көркөм чыгармачылык ийримине, райондук, облустук жана республикалык кароолорго катышкан. Жаш кезинен Алымкул төкмөдөн таалим алган. Ал 1946-жылы филармонияга кабыл алынып, бул жерден Осмонкул, Калык, Ысмайыл, Токтонаалы өндүү ырчылар менен бирге эмгектенип, алардын ырларын, айтыш ыкмаларын үйрөнгөн. Акын Токтосун Тыныбеков менен бирге 50дөй айтыштарды жараткан. Эстебес Турсуналиев бир нече ыр китептердин автору, ошондой эле кинофильмдерге да тартылган. Андан сырткары комуз күүлөрүн чертип, эпостордон үзүндү айткан. Эстебес Турсуналиев Токтогул атындагы сыйлыктын лауреаты, Ардак белгиси ордени жана медалдар менен сыйланган.
* 1971-жылдын 5-майында Эмгек, миграция жана жаштар министри Алиясбек Алымкулов Талас облусуна караштуу Бакай-Ата районундагы Кең-Арал айылында туулган.
1989-1991-жылдары Совет армиясында аскердик кызматын өтөгөн.
1992-1997-жылдары Орусияда жеке ишкердик менен алектенген. Ал эми 2004-2007-жылдары "Буудай" мамлекеттик ишканасында бөлүм башчынын орун басары, 2007-2010-жылдары Кыргыз Республикасынын жана Тажикстан Республикасынын “Трубалык металлургия компаниясы” ЖАКда расмий өкүл, 2008-2010-жылдары "Эл Газ КДЖ" ЖЧКда Директорлор кеңешинин жетекчиси болгон.
2010-жылдын 19-мартынан 14-июлуна чейин Кыргыз Республикасынын Жаштар иштери боюнча министринин милдетин аткаруучу, 2010-жылдын 14-июлунан 2011-жылдын 30-декабрына чейин Кыргыз Республикасынын Жаштар иштери боюнча министри, 2011-жылдын 30-декабрынан 2012-жылдын 20-февралына чейин Кыргыз Республикасынын Жаштар, эмгек жана иш менен камсыз кылуу министри, 2012-жылдын 20-февралынан тартып Кыргыз Республикасынын Эмгек, миграция жана жаштар министри болгон.
* Мындан 1 жыл мурун, тагыраак айтканда, 2013-жылы Москва шаарындагы “Кыргызстан” соода борборунда “Байланышта” аттуу борбордун ачылыш аземи болуп өткөн. Аталган борбор оор абалга туш келген, Орусияда иштеп жүргөн Кыргызстандын бардык жарандарына жардам көрсөтүү максатында ачылган. Бул борбор кыргыздардын укуктарынын корголушу, каза болгон адамдын сөөгүн жеткирүү, жумушка мыйзам чегинде орношуу сыяктуу актуалдуу маселелер боюнча маалымат бермек.
Жылнаама толугу менен бул жакта...