КРнын Премьер-министри Жоомарт Оторбаев 4-майда Азия өнүктүрүү банкынын башкаруучулар кеңешинин чогулушуна катышты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Ал иш-чараны уюштурган Казакстандын өкмөтүнө ыраазычылык билдирип, казак элинин меймандостугун белгилеп өттү. Ошондой эле өлкөнүн өнүккөн 30 мамлекеттин ичине кириши бир гана казак эли үчүн эмес, Борбордук Азия элинин сыймыгы экенин баса белгиледи. Жоомарт Оторбаев Кыргызстандагы социалдык- экономикалык кырдаал тууралуу айтты.
“2010-жылы апрелде саясий режим алмашкандан кийин бир катар социалдык институттарды кайра калыбына келтирдик. Алар учурда эффективдүү иш алып барышууда. Эл аралык коомчулук өткөөл убакта колдоо көрсөттү. Азыркы тапта коомчулукка демократия эң жакшы саясий систем экенин далилдешибиз керек. Өлкө кирешелеринин өскөнүнө карабай жакырчылык, экология, суу ресурстары менен камсыз кылуу маселелерине туш келип жатабыз. Азия өнүктүрүү банкы тажрыйбасына таянып бизге жардамга келе алат. Биз биргеликте иш алып барып, калктын жашоосун жакшырта алабыз”,- деди өкмөт башчы.