Турсунбек Акун: "Чек ара маселеси улуттар аралык чырдын башы болушу мүмкүн. Баарын токтотуп, ушул маселени чечиш керек"

"Баткенде Мамат Айбалаев губернатор болуп турган мезгилде чек ара көйгөйлөрү боюнча ызы-чуу болгон эмес". Бул тууралуу бүгүн, 8-январда Турсунбек Акун билдирди. Анын айтымында, жергиликтүү бийлик алсыздык кылбай, коңшу өлкөнүн өзүнө жараша мамиле кылышы зарыл. "Мамат Айбалаев кандай иштеген болсо, дал ошондой иштеген кадрлар жергиликтүү бийликте болушу керек. Чек ара маселеси - уруштардын башаты болуп келген. Мындай чырлар улуттар аралык жаңжалга алып келиши мүмкүн. Өкмөт биринчи кезекте чек арадагы делимитация, демаркация маселесин чечиши кажет" деди акыйкатчы. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан