Бишкекте "Эгемендүү Кыргызстан Бажы биримдигине каршы!" аттуу акция өтөт

Бүгүн, 5-майда саат 12:00дө Бишкектеги Курманжан датканын эстелигинин жанында (Чүй проспекти менен Эркиндик бульварынын кесилиши) "Демократиялык альянс", "Реформа" партиясы жана "Бажы биримдигине каршы" элдик кыймыл биргеликте "Эгемендүү Кыргызстан Бажы биримдигине каршы!" аттуу акция өткөрөт. Бул тууралуу ЖКнын депутаты Равшан Жээнбеков социалдык тармактар аркылуу билдирди.

“Кимге кыргыз мамлекетинин эгемендүүлүгү маанилүү, ким Бажы биримдигине ишенбейт, ким биздин бийлигибиздин Кыргызстанды четинен сатуу саясатына каршы? Бул акцияга катышуу менен өз пикириңерди билдирип кетүүңөрдү суранам. Сен күйбөсөң, мен күйбөсөм, анда ким күйөт?”- дейт депутат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан