Индиянын Махараштра штатында жүргүнчүлөрдү ташыган поезд кырсыкка кабылып, 19 адам каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 5-майда чет элдик маалымат каражаттары маалымдашууда.
Маалыматка караганда, 4-май күнү жүргүнчүлөрдү ташыган поезд темир жолдон чыгып кетип кырсыкка кабылган. Анын кесепетинен 19 адам каза болуп, 132 адам ар түрдүү жаракат алган. Кырсыктын келип чыгышына поезддин техникалык талаптарга жооп бербегендиги себеп болгон.