Бишкекте "казакстандык жаранды уурдап, акча талап кылышкан" деп шектелген жарандар кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 5-майда билдирди.
Маалыматтарга караганда, укук коргоо органдарына Казакстандын 31 жаштагы Бахтыжан аттуу жараны белгисиз адамдар анын Байгани аттуу инисин уурдап кетишкендиктерин жана 30 миң доллар талап кылып жатышканын маалымдаган.
Ыкчам иш-аракеттердин натыйжасында уурдалган Байгани аттуу Казакстандын жараны Дордой жаңы конушундагы үйлөрдүн биринде байланган абалда табылган. Ошол эле жерде аталган кылмышка шектүү катары Ош облусунун Алай районунун 34 жаштагы Медер жана 35 жаштагы Раатбек аттуу тургундары кармалган.
Учурда кылмышка шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга камалып, иликтөө иштери жүрүүдө.