Бишкекте адам өлтүрүүгө шектелип Талас облусунун тургуну кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 5-майда билдирди.
Маалыматтарга караганда 4-май күнү Бишкек шаарынын Беговой көчөсүндөгү үйлөрдүн биринде ур-токмоктон каза болгон Самат аттуу жарандын жансыз денеси табылган. Ыкчам аракеттердин натыйжасында анын өлүмүнө шектүү катары К.Аскан аттуу Талас облусунун тургуну кармалган.
Алдын ала маалыматтарга караганда, кылмышка шектүү каза болгон жаран менен ичимдик ичип отуруп мушташып кеткен. Кийин аны өлтүрүп алган соң, окуя болгон жерден из жашырып кеткен.Учурда шектүү адам убактылуу кармоочу жайга камалып, иликтөө иштери уланууда.