28 жаштагы айым “7 жашар кызды тоногон” деп шектелүүдө. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 5-майда билдирди.
Белгилүү болгондой, 34 жаштагы Нурайым аттуу айым укук коргоо кызматкерлерине кайрылып, 7 жаштагы кызынын алтын сөйкөсүн белгисиз адам күч колдонуп тартып алгандыгын маалымдаган.
Кылмыштын бетин ачуу үчүн жүргүзүлгөн иш-аракеттердин натыйжасында жогорудагы кылмышка шектүү катары Жалал-Абад облусунун 28 жаштагы Гүлмира аттуу тургуну кармалган. Учурда аталган окуя боюнча иликтөө иштери уланууда.