Ош шаарында 9-майда Улуу Жеңиштин 69 жылдыгына карата майрамдык салтанат өтөт. Бул тууралуу 5-майда мэриянын басма сөз кызматынын жетекчиси Керим Калыкулов билдирди.
Маалым болгондой, шаардын борбордук аянтында сахналаштырылган оюн-зоок, аскердик парад болот. Ошондой эле ардагерлерге сый тамак берилет.