Ош. Кара-Суу районундагы атышуудан кийин каза болгон Жеңишбек Сайдиевдин үйүнүн короосундагы видеожазуунун бири коомчулукка жарыяланды 

ИИМдин Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкармалыгы Жеңишбек Сайдиевдин киши колдуу болуп өлтүрүлүшүнө байланыштуу алдын ала ар кандай жоромолдорду айтып, саясатка байланыштырбай турууну суранат. Бул тууралуу аталган башкармалыктын басма сөз кызматы бүгүн, 5-майда билдирди.

Маалыматка караганда, адам өлтүрүү фактысы боюнча оперативдүү топ иштеп жатат. Ошол эле мезгилде башкы башкармалык Жеңишбек Сайдиевдин короосундагы видеожазуунун бирин коомчулукка жарыялоо менен кимде-ким бул адамды таанып-билсе, (03222) 5-71-81 номуруна же 102ге билдирип коюуну суранат. Билдирген адам тууралуу жашыруун сыр сакталат. Бул видеого Мерседес үлгүсүндөгү автоунаадан келген кылмышкер түшүп калган.

Эске салсак, 30-апрелде Кара-Суу районуна караштуу Дыйкан-Кыштак айылында атышуу болуп, анда Жеңишбек Сайдиев аттуу жаран оң колунан, көкүрөгүнөн жана арткы капталынан жараат алып, үй-бүлө мүчөлөрү тарабынан Ош шаардык ооруканасына жеткирилген. Окуя болгон жерди кароо учурунда 16-калибрдеги Иж-58м үлгүсүндөгү кош ооз ок атуучу мылтык, 2 даана 16-калибрдеги мылтыктын атылган октору далил катары алынган. 

Жабырлануучуга 1-майда операция жасалган эле. Бирок ал алган жарааттарынан улам ооруканада көз жумган.

Жеңишбек Сайдиевдин үйүнүн короосундагы видео жазуунун бири коомчулукка жарыяланды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (27)
peri...97
2014-05-05 19:06:03
Ээээээх жашооо,турмуш эмнелерге гана алып барбайт...адамдын омуру деле оюнчук болуп калдыгоо
0
ali.95
2014-05-05 19:25:46
Жаш балдар журуптур номерин корбоптурбу машинанын
+1
jypara1415
2014-05-05 19:27:27
Жапжаш жигит экен , тообо кылдым элге карангы кантип атканы , тез эле кетти го . Телефон чалып чакырып , атып туруп качкан окшойт . Машинасын айдап баратканда колу калтыраса керек акмактын .
+3
Bodibilding
2014-05-05 22:01:38
4минут 50 секунд болгондо нар жактагы чон жолду карасанар бир машине емне учун токтоп анча туруп анан жоноп кеткен.
+4
aitowa11
2014-05-06 05:23:40
Bodibilding, аткандан кийин аткан адамдын шериктери башка машина мн тиктеп отту окшойтта адамдар чогулдубу,кордубу деп
+1
13-nazi
2014-05-05 22:05:52
машина турганда коп киши болуптурго эмне эч ким байкабай калдыбы, калпакты атайлап кыргыз экен десин деп да кийип алышы мумкун.
+10
Anqelina2
2014-05-06 20:04:13
13-nazi, Мен да сразу эле ошону ойлодум эле. Жуз пайыз ошондой. Эгер кыргыз болсо кепка кийип эле бармак.
+1
miss2014
2014-05-06 00:35:14
Жакындатып корсо болбойт бекенби?
+2
gul75nur
2014-05-06 01:25:03
Жаш балдарды коруб корктум кудай сактай горррр
+2
Bekenova
2014-05-06 02:49:30
Жаш балдарга эле ичим ачышып атат,
+2
asiret
2014-05-06 12:18:51
видео ачылбай жатат го
0
admin_portal
2014-05-06 12:28:10
asiret, Саламатсызбы!
Баары жайында эле экен. Катачылык сиз тараптан кетип жатат окшойт.
0
adilet_3234
2014-05-06 12:55:38
Бурчта ттурган Ак джиптин устуно да жашыруун камера койуп косо болмок экен
0
adilet_3234
2014-05-06 12:56:45
Bodibilding,андан жакын турган машине жакшы корунбой жатат анан аны кайдан табышсын
0
admin_portal
2014-05-07 12:16:39
Munar_6052 - эскертүү!
Далили жок, такталбаган маалымат таратып, улуттар арасында талаш-тартышты жаратууга, провокацияга жол берилбейт!
kubasel - эскертүү!
Жалаң баш тамгалар менен жазууга тыюу салынат.
0
samiev.nurbek.
2014-05-09 23:48:00
жондон жон эле атып кетпесе керек
0
Sagy
2014-05-10 16:42:58
Атканын корбой туруп эле жамандай бересинерби? Кудайдан коркуп койсонор боло..
+1
kg.555
2014-05-31 01:17:35
40-секундада атып кетип калды
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан