Асылбек Жээнбеков: "Туңгуч Конституциябыз Кыргызстандын эгемендүүлүгүн түптөөдө зор тарыхый ролду аткарды"

Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков бүгүн, 5-майда кыргызстандыктарды Конституция күнү менен куттуктады. Куттуктоодо төмөнкүлөр айтылат:

"Урматтуу мекендештер!

Сиздерди Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин атынан 5-Май – Конституция күнү менен куттуктайм!

Мындан туура 21 жыл мурда кабыл алынган Баш мыйзамыбыз Кыргызстандын эгемендүүлүгүн түптөөдө зор тарыхый ролду аткарды. Кийин авторитардык бийликтин кызыкчылыгы үчүн ал бир канча ирет өзгөртүлдү. Эзелтен эркиндикти, адилеттүүлүктү туу туткан элибиз үй-бүлөлүк режимдин эзүүсүнө чыдабай, эки ирет бийликти кулатты. Жыйынтыгында 2010-жылы жаңы Конституцияга ээ болуп, парламенттик демократия жолуна түштүк. Бул өлкөбүздүн жаркын келечеги үчүн шилтенген чечкиндүү кадам болду.

Азыркы учурда Жогорку Кеңеш парламенттик демократияны түптөө милдетин аткарып, өлкөдөгү жаңыланууларды жүзөгө ашырууга, өлкөбүздүн өнүгүүсүнө жана жалпы калктын байгер жашоосуна багытталган чечимдерди кабыл алууда. Быйыл президентибиз тарабынан демилгеленген мамлекеттүүлүктү бекемдөөгө жана 2015-жылы парламенттик шайлоону акыйкат, таза өткөрүүнүн мыйзам базасын чыңдоого арналган иштер жүргүзүлүүдө. Мындай тарыхый процесстерге элибиз да түздөн-түз катышып, чечүүчү ролду ойношу абзел.

Кудай буюрса, өнүккөн өлкөнү, адилет коомду курабыз. Кыргызстаныбыздын келечеги кең!

Сиздерди дагы бир жолу Конституция күнү менен куттуктайм".    

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан