Ливия парламентинин төрагасынын орун басары Салех аль-Махзоун премьер-министрди шайлоонун жыйынтыгында талапкер жетиштүү добуш ала албаганын бүгүн, 5-майда чет элдик маалымат булактарына билдирди.
“Премьер-министрликке талапкер Ахмед Миитик Жалпы улуттук конгресс (убактылуу парламент) мүчөлөрүнүн керектүү добушуна ээ боло алган эмес. Ал 113 добуш алган. Жеңишке жетүү үчүн жалпы 120 добушка ээ болуш керек”,- деди Салех.
Ал эми учурдагы министрлер кабинети кийинки шайлоого чейин өз милдетин аткарат. Бирок премьер-министрди тандоо качан болору азырынча белгисиз.
Эске салсак, өлкөнүн экс-премьер-министри Абдалаа ат-Тани 2014-жылдын 13-апрелинде отставкага кеткен. Анын себебин өзүнүн жана үй-бүлөсүнүн өмүрүнө коркунуч жаралып жатканы менен түшүндүргөн.