Бишкекте “Эгемендүү Кыргызстан Бажы биримдигине каршы!” аттуу акция өттү

Бүгүн, 5-майда Бишкек шаарындагы Курманжан датканын эстелигинин жанында (Чүй проспекти менен Эркиндик бульварынын кесилиши) “Эгемендүү Кыргызстан Бажы биримдигине каршы!” аттуу акция өттү. 

Уюштуруучулардын бири Гүлзада Медералиева буларга токтолду: “Биз бүгүн Кыргызстандын Бажы биримдигине кирбеши боюнча өз ойлорубуз менен бөлүшөлү дедик. Эгер өлкөбүз бул уюмга кирсе, Кыргызстан көз карандысыздыгын жоготуп алышы толук мүмкүн”.

Акцияда "Орусиянын президенти Владимир Путин, КРнын Экономика министри Темир Сариев жана орусиялык журналисттер кыргызстандыктарга телевидение аркылуу Бажы биримдиги боюнча туура эмес маалымат берүүдө" деген пикир жасалма телевизордон чагылдырылды.

Жалпысынан акцияга 50гө чукул адам катышты. Алардын арасында экономикалык серепчи Азамат Акелеев, укук коргоочу Динара Ошурахунова жана башкалар болушту.

Акелеев: “Кыргызстан Бажы биримдигине кирсе, терс таасирлерге кабылат. Жакында изилдөө жүргүздүк. Албетте, Бажы биримдигине кирүүнүн жакшы жактары деле бар, бирок терс жактары көбүрөөк. Мисалы, унаалардын баалары 100 пайызга өсүшү мүмкүн”,- деди серепчи. 

Бишкекте "Эгемендүү Кыргызстан Бажы биримдигине каршы!" аттуу акция өттү
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (19)
AriAdi
2014-05-05 15:03:46
Болгон пайда биздин границаны козомол кучойт
-2
Dooron
2014-05-05 20:24:13
AriAdi, чек арага эмне орустар курал кармап туруп бермек беле?! Барыбир озубуз карайбыз го. Азыр билбей атсан, тсга откондо билесин канчалык денгелде зыяны бар экенин. ТСга таптакыр кошулбаш керек.!!!
0
Danel
2014-05-05 15:16:43
Бир жагынан карасан,азыркы бийликтин иштеп жатканы,иш алып барып жаткан системасы бажы биримдигине толук бойдон киришибиз мумкун.Ушундай темпь менен барып эле бир куну паланча куну киребиз деп белгилеп коюшчуудай сезилет,бирок баанын осушу,азык тулуко,унаалардын кескин кымбатташы,дордой,кара-суу мадина базарларын,швеянынын токтошу,элди дурболонго салбай койбойт.Кандай болгон кундода кирбегенибиз он,бирок бийлик ушул системасында кетсе созсуз кирет....
-1
sagyn01
2014-05-05 15:30:53
ТС дан кудай озу сактасын, албетте ел каршы,
+10
edu.kg
2014-05-05 16:07:49
Мен мурунтан эле каршы болуп келем биз учун эч кандай пайда жок. Мисалы мен дордойдон тавар алып казак.нга барып соода кылам томожныйдан аран отобуз ыйлап сыктап акчанын кучу менен. Эгер кире турган болсок женилдик болобу бизге окшогондорго? Албете болбойт. Бизге пайдасы коп дешет чондорубуз кандай пайда? Биз оруся менен казакстан беларус мамлекетердей денгеелге жете элекпиз алар кундон кунго онкгуп атышат. Бизде эме чыгат эмнени сатабыз? Шивея анан дордой карасуу дейсинер алардын алган сырес
+6
edu.kg
2014-05-05 16:12:32
Швея дордой карасуу дейсинер алардан алынганондуруш кадимки кытай товарлары же турецкий маталары. Эгер кирген кундон тартып аларга чектоо койулса биз ошондо эмне кылабыз айткылачы туугандар. Же байагыдай мигирант брлуп журоберебизби мага ушул суроомо жооп бергплечи урматууу админ урматуу окумот башчылары урматуу окурмандар.
+7
edu.kg
2014-05-05 16:14:42
мен бул сууроом менен эч кимди провокатциялаган жокмун болгону жеке озумун ойум
+2
mastermaster
2014-05-05 16:15:48
таможенный союз элге эмес -бийликтегилерге кана керек,союзга кирип карыз тилемчилеш учун оной россиядан.болбосо алар карыз бербейтта.карыз алып мамлекеттен тайыш керекта.
+5
tairbek.
2014-05-05 16:29:37
элдик референдумга салыш керек эл макулбу жокбу ошого карап иш кылбайбы бийлик!
+4
edu.kg
2014-05-05 16:48:41
tairbek., эн туура айтасын неге элибиздер сурашпады? Элибизге жеткиликтуу маалымат да бере алышкан жок бийлик. Урматуу супер kg.же админ силер аркылуу добуш берсек болобу? Менимче сиздер деле туура корозуздор.
+2
kamyr26
2014-05-05 17:18:37
Бийликтин башка мункунчулугу калбады элден кенеш сурасада сурабасада кошулат себеби баарына тушунуктуу
-1
jypara1415
2014-05-05 19:14:52
Кошулганы ошо да . . . .
0
Mech.kg
2014-05-05 19:46:18
Айла жок кошулууга туура келет.Армиябыз ,чек арабыз экономикабыз эн ылдыйкы катардабыз Орто азияда.
Коз каранды болуп калабыз дейсинер ,Азыр коз карандуу эмессинерби?
Экономикалык жактан коз карандуу элек дагы да коз каранды болуп келебиз качан экономикабызды котормойунчо.
Орусиясыз эмне болдук 20жылда же кыргыз тилин онуктурбой же экономикабызды же маданятыбызды онуктурбой келипбиз.Кошулсак экономикалык осуш болсо керек деп ойлойм,Бирок албетте минус Терс жактары бар .
0
maksnarin
2014-05-05 22:27:21
азык-тулук кымбаттаса дыйканга жакшы да ушул терс пикир жазган ар бириндин туугандарынар жокпу айылда?
0
maksnarin
2014-05-05 22:39:55
эски таштанды машинанын арзандыгынан абаны бузгандан да,кандай кырсыктар болуп атат,а бул ХХХ жалан АКШнын арам акчасын актап атышат да,Беларустун Батькасы башында кандай кыйкырды эле ,азыр сыр билгизбей отурат,элинин жашоосу да онолду.
+1
admin_portal
2014-05-06 11:23:23
maksnarin - эскертүү!
Кимдир-бирөөнү кемсинтүүдөн алыс болуңуз.
0
algajawoo
2014-05-05 23:10:35
Кириш керек
0
SHATY
2014-05-05 23:41:35
Автоунаа азыр алып алгыла эртерээк кайдан болсода акча таап... Менин кенешим.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан