Өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев 4-майда Казакстандын Астана шаарындагы Нурсултан Назарбаевдин атын алган университетке барды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. Премьер-министр аталган окуу жайдын башчысы Шигео Катсу жана окутуучулар менен жолугушту.
Жолугушууда Оторбаев Казакстандын окуу жайлары менен Кыргызстандын окуу жайларынын кызматташтыгын активдештирүү керектигин жана эки өлкөнүн студенттери менен окутуучулары тажрыйба алмашып, биргелешкен иш-чараларды өткөрүшү керектигин билдирди. Жолугушууда өкмөт башчы окуу жайдын иш жыйынтыктары жана пландары менен да таанышканы айтылды.