* Мындан 43 жыл мурун, 1971-жылы манасчы
Саякбай Каралаев 75 жаш курагында каза болгон. Саякбай Каралаев 1894-жылы Тоң районундагы Ак-Өлөң айылында туулган. 1922-1931-жылдары Көл өрөөнүндөгү Ырдык жана Маман айылдык советтерин башкарган. Саякбай Каралаевдин айтуусундагы "Манас" үчилтиги 500 500дөн ашык ыр саптарынан турат. Ал ошондой эле "Төштүк" жана башка кенже эпосторду да айткан. Өзүнүн "Бүркүттүн жомогу", "Унутулгус күндөр", "Делдеш баатыр", "Томор мерген", "Карамолдо" аттуу жана башка чыгармалары жарык көргөн. Саякбай Каралаев үч Эмгек Кызыл Туу, Ардак белгиси ордендери, медалдар менен сыйланган.
* Мындан 118 жыл мурун, 1896-жылы америкалык киши өлтүргүч Генри Холмс "Мояменсинг" түрмөсүндө асылып өлтүрүлгөн. Генри Говард Холмс (чыныгы аты Генри Мажетт) – расмий түрдө катталган
алгачкы жалданма адам өлтүргүч. Бала
чагында үй-бүлөсүндө ага катаал мамиле кылышкандыгы айтылып келет. Ал жаныбарларга
эксперимент жасаганды жакшы көргөн. Окуу жайдын
лабораториясынан адамдардын жансыз денелерин уурдап чыгып, "өлүм кокустан болду" деп камсыздандыруучу каражат алып турган. Ал адам өлтүргөндөн кийин алардын
документтерин камсыздандыруу компанияларына каттатып, кийин адамдардын сөөгүн
алып барып акча алып турган. Ал 40-350гө
жакын адамды өлтүргөн деп айтылат.
* 7-май - Дүйнөлүк Радио күнү. Мындан 119 жыл мурун, 1895-жылы
7-майда орусиялык физик Александр Степанович Попов
өзү ойлоп тапкан радиокабылдагыч тууралуу доклад жасаган. Ошондой эле радиобайланышты көрсөтүп берген. 1945-жылы радио пайда болгондугунун 50
жылдыгы белгиленген. Мындан улам бул күндү Радио күнү деп белгилөө чечими кабыл
алынган.