Ооганстанда жума күнү болгон жер көчкү 2 миңге жакын адамдын өмүрүн алып кетти. Учурда дале куткаруу иштери уланууда. Бул тууралуу чет элдик басылмалар бүгүн, 5-майда кабарлашты.
Эске сала кетсек, 2-майда Ооганстандын Бадахшан провинциясындагы Хобо-Барик айылында жер көчкү жүрүп, ал бүтүндөй бир айылды басып калган. Анын кесепетинен 2500дөй адам дайынсыз болууда.
"300 үй жер астында калып, 2500дөй адам дайынсыз. Айылды 10-20 метр бийиктиктеги жер көчкү басып калыптыр. Алардын тирүү калышына ишенимим жок",- деп билдирген провинциянын губернатору Валиулла Адеб маалымат каражаттарына.
Ооганстандын Кырсыктар боюнча улуттук департаменти бул аймакта жер көчкүлөр дагы кайталанышы мүмкүн экенин кабарлап жатат. Департамент азыр 4000дей адамды эвакуациялап, аларды тамак-аш, таза суу, чатыр жана төшөнчүлөр менен камсыз кылып турганын билдирген.
Белгилей кетсек, акыркы апталарда өлкөнүн түндүгүндө тынбай жааган жаандан улам түрдүү кырсыктар кайталанып, миңдеген эл үй-жайсыз калган.