Украина: Славянск шаарында кайрадан кагылышуу орун алды

Донецк облусунун Славянск шаарындагы телевизиондук чокунун жанында согуш аракеттери кайрадан күч алды. Бул тууралуу бүгүн, 5-майда чет элдик маалымат булактары жарыялады.

Маалыматта “Эртең менен Славянск шаарындагы телевизиондук чокунун жанында согуш аракеттери башталды. Ал эми соңку маалыматтарга караганда, атышуудан жаракат алгандар жана каза болгондор жок. Бирок буга чейин 5 адам олуттуу жаракат алган” деп жазылат.

Эске салсак, 2-май күнү украиналык аскерлер шаардагы бардык өзүн-өзү коргонуу тосмолоруна аткылоо жасаганы тууралуу маалымдалган. Жыйынтыгында эки тарап тең жоготууга барган. Бирок күчтөрдүн кагылышуусу өзгөргөн эмес. 4-май күнү да украиналык аскерлер жана Славянск полчандардын ортосунда жаңы күрөш башталган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан