3-майда президент Алмазбек Атамбаев Саксония жеринин парламентинин төрагасы Маттиас Рёсслер жетектеген германиялык делегацияны кабыл алды.
Жолугушууда Кыргызстандын Германия менен саясий, маданий-гуманитардык жана соода-экономикалык тармактарда кызматташуусу, эки тараптуу байланыштарды жандандыруу пландары талкууланды.
Мамлекет башчы Кыргызстан Германияны Европа бирлигиндеги стратегиялык өнөктөш катары карагандыгын белгилеп, ар тараптуу кызматташууну мындан ары кеңейтүүгө даярдыгын билдирди. Ал эми Кыргызстандагы ички саясий кырдаал туурасында айтып жатып, өнүгүүнүн демократиялык багытына байланыштуу өлкөнүн мамлекеттик түзүлүшүндөгү олуттуу өзгөрүүлөргө басым жасады.
Жолугушууга Конрад Аденауэр атындагы фонддун башкы катчысынын орун басары, регионалдык жана ыйгарым укуктуу өкүлү Герхад Валерс, Тюрингия федералдык жеринин экс-премьер-министри, Конрад Аденауэр атындагы фонддун башкармалыгынын мүчөсү, «Магна» концернинин вице-президенти Дитер Альтхаус жана башкалар катышты.