Кыргызстанда өткөн сутка ичинде 12 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу бүгүн, 6-майда ӨКМнын басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында 1, Чүй облусунда 5, Ош облусунда 2, Ысык-Көл облусунда 2, Талас облусунда 2 өрт кырсыгы катталган.
Бишкек шаарындагы “Дордой” базарында өрт чыккан. Анда 2 кабаттуу 40 тонналык контейнер ичиндеги товарлары менен күйүп кеткен. Тилсиз жоонун келип чыгышына электр жабдууларын куроодогу эрежелердин бузулушу себеп болгон.