Ош облусунун Алай районунда өрт кырсыгы катталып, бир адам жабыркады. Бул тууралуу Өрткө каршы мамлекеттик агенттиги бүгүн, 6-майда билдирди.
Маалыматка караганда, бүгүн түнү саат 00:57 чамасында Алай районунун Октябрь айылындагы турак үйлөрдүн биринен өрт чыккан. Анын кесепетинен үйдүн 90 чарчы метр чатыры, 46 чарчы метр жыгач полу күйгөн. Ошондой эле үй ээсинин 1985-жылы туулган баласы колунан күйүк алып, ооруканага жеткирилген. Өрттүн келип чыгуусуна электр жабдууларын куроодогу эрежелердин бузулушу себеп болгон.