Ажылыкка барчулардын тизмесин тактоо иштери башталат

12-майдан 12-июнга чейин ажылыкка барчулардын тизмесин тактоо иштери жүргүзүлөт. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, эгер Меккеге барам дегендердин саны ар бир аймакка бөлүнгөн квотадан ашып кала турган болсо, анда бир канча адамдан турган комиссия ажылыкка барууну каалагандар ортосунда чүчү кулак өткөрөт. Ага катышып, быйылкыга илинбей калгандар кийинки жылдагы зыяратчылардын алдынкы тизмесине киргизилет.

Учурда 2014-жылдын ажылык сапарын уюштуруу иштери жана зыяратка баруу шарттары боюнча муфтияттын өкүлдөрү жер-жерлерде коомчулук менен жолугушууларды уюштурууда.  

Эске салсак, быйыл Кыргызстанга 3685 ажылык квота бөлүнүп, ажылыкка баруунун баасы 2400 долларды түзүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан