"Үстүбүздөгү жылдын 20-февраль күнү Көкөмерен дарыясына чөгүп кетти" делген Рустам Токтогуловдун денесин издөө иштери кайрадан жанданды

"Үстүбүздөгү жылдын 20-февраль күнү Көкөмерен дарыясына чөгүп кетти" делген Рустам Токтогуловдун денесин издөө иштери кайрадан жанданды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы бүгүн, 6-майда билдирди.

Маалыматка караганда, бүгүн таңкы саат 05:00 чамасында 7 куткаруучу жана 3 суучул Р.Токтогуловдун денесин издөө иштерин жүргүзүүгө жөнөп кетишти.

Айта кетсек, буга чейин да издөө жүргөн эле. Бирок андан эч натыйжа чыккан эмес. Мындан улам издөө иштери токтотулган эле.

Эске сала кетсек, Кара-Кечеде каза болгон Айбек Мамбеталиевдин жакындары 20-февралда болгон сот отурумунда жаңжал чыгарышкан. Анда айыпталып жаткан 3 милиция кызматкерин көздөй күйүүчү май куюлган бөтөлкөлөр ыргытылып, залда өрт чыккан. Натыйжада бир милиция кызматкери катуу сабалып, күйүк алган. Экинчисин милиция кызматкерлери аман алып калышкан. Үчүнчүсү Рустам Токтогулов тууралуу "ал Көкөмерен дарыясына ыргытылган" деген болжолдуу маалыматтар жарыяланган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
jypara1415
2014-05-06 10:23:05
Табылып калсын .
0
elli_88
2014-05-06 10:41:40
хехе чаектин кымындай суусунан эчак табылмак бул олбой эле жашынып жатат.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан