Маалыматтарга караганда, укук коргоо органдарына аталган ишкананын дары-дармек сактоочу жайында тиешелүү документтери жок психотроптук каражаттар бар экендиги тууралуу маалымат келип түшкөн. Күбө катары тартылган адамдардын көзүнчө дары-дармек сактоочу жайдан атайын документтери жок ар кандай өлчөмдө диазепам, тиопентал-натрий, калипсол, дикоин, хлороформа, туздуу кислота деген психотроптук каражаттар алынган. Учурда Балыкчы райондук тергөө бөлүмү тарабынан "психотроптук заттарды мыйзамсыз сактоо" деген айып тагылып, кылмыш иши козголуп, иликтөө жүрүүдө.