Орусия депутаттары Киев бийлигине каршы Гаага сотуна арызданат

Орусияда Мамлекеттик Думанын депутаттары Украина бийлиги өз өлкөсүндө жарандык согушту тутантуу аракеттери үчүн Гаага сотунда жооп бериши керек деп эсептейт. Муну 6-майда орусиялык маалымат булактары жарыялашты.

“Гаага сотуна арыз жолдоо сунушун фракция жыйынында гана эмес, эки күндүн ичинде Тышкы иштер министрлигине да жөнөтөм. Украинада болуп жаткан кылмыштар эл аралык коомчулуктун алдына коюлушу керек”,- деп билдирет Мамлекеттик Думанын депутаты Михаил Маркелов.

Ал эми депутат Вячеслав Тимченко буларды айтат: “Бул катардагы кылмыш эмес. Адамзатка, улутка, элге каршы кылмыш. Мындай кылмыштарды Гаага соту мыйзамдагы катаал жазалар менен баалашы керек”. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан