Эл аралык издөөдө жүргөн чет элдик жаран Кыргызстанда жасалма документтер менен кармалды

УКМКнын Коррупцияга каршы кызматы тарабынан жасалма документтер менен жүргөн чет элдик жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 6-майда УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Кармалган чет элдик К.И.А. аттуу жаран эл аралык издөөгө алынгандыгы белгилүү болду. Мыйзамга ылайык, аталган жаран камакка алынган.

Ошондой эле КРнын Өкмөтүнө караштуу Айдоочулук түзүмдү жана унаа каражаттарын каттоого алуу департаментинин Ысык-Ата райондук бөлүмүнүн айрым кызматкерлери тарабынан жогоруда айтылган чет элдик жаранга мыйзамсыз түрдө айдоочулук күбөлүк берилгендиги ачыкталды. Бул факт боюнча аталган департаменттин кээ бир кызматкерлерине "жасалма документтерди даярдоо жана кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" деген берене менен кылмыш иши козголду. Иликтөө уланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
SHATY
2014-05-06 10:59:25
Мындайлардын далайы журсо керек бизде "Кыргызстан Наш общий дом!" деп бекер айтканда...
+2
Asanaka2
2014-05-06 15:50:35
Эмне учун толук аты жонун суротун кошо илбеди?
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан