Дамира Долоталиева, “Дордойдун” жеке ишкерлер профсоюзунун жетекчиси: “Дордой” базарында соода начар жүрүп жатат”

“Дордой” базарында соода начар жүрүп жатат”,- деп бүгүн, 6-майда маалымат жыйынында “Дордой” базарынын жеке ишкерлер профсоюзунун жетекчиси Дамира Долоталиева билдирди.

Анын айтымында, акыркы 5 айдын ичинде “Дордой” базарында соода начар болуп, соңку 1 айда соода жүрбөй калды. “Ушул себептен сатуучулардын маанайы начар. Алар насыяларды алып, төлөй албай жатышат. Мындан тышкары бир гана насыяларды эмес, патенттерди төлөө оор болуп калганы көрүнөт. "Дордойдо" 60 миң адам иштейт. Эгер биздин маселебиз чечилбесе, митингге чыгууга даярбыз,- деди Долоталиева.

"Соода жүрбөй калганынын себеби катары Казакстан чек арадан товарларды өткөрбөй жатат деген пикирдебиз",- деди ал. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
DASTAN92
2014-05-06 19:53:48
Митинг менен бийликти коркутууга оттук, мындай эркиндик дуйно жузундо жок, муну менен мактансак болот. А бирок 21- кылымдын баскынчысына айланып бара жатканыбыз окундурот .
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан