“21 жыл ичинде мекенибизде оош-кыйыш күндөр болду. Ал өзгөрүүлөрдүн айынан Баш мыйзамыбыз да өзгөрүп келди. Бирок Конституцияда орун алган элибиздин демократиялуу, адилеттүү, укуктук коом курууга умтулуусу өзгөрбөдү жана эч качан өзгөрбөйт”. Муну депутат Чыныбай Турсунбеков 5-Май – Конституция күнүнө карата айтканын ЖКнын маалымат кызматы билдирди.
Турсунбеков 2010-жылдын 27-июнунда кабыл алынган жаңы Конституция 1993-жылдан 2010-жылга чейин бийлик тараптан басмырланып келген парламентаризмди кайра жандандырды деп эсептейт.
“Тарых чындыкты мезгили келгенде өз ордуна коёт”,- деген депутат азыркы Конституция эгемендүү Кыргызстандын алгачкы Конституциясына үндөш экенин, мамлекеттин бир дагы бийлик бутагына бийликти бир колго топтоштурууга мүмкүнчүлүк бербеген системди орнотконун белгилейт.