АКШнын Колорадо штатында бир моторлуу учак жеке турак үйдүн үстүнө кулап түштү. Учкуч учак жерге ылдыйлап баратканда парашют менен секирип кеткен. Бул тууралуу АКШнын ММКлары бүгүн, 6-майда жазып чыгышты.
“Бир моторлуу учак үйдүн үстүнө түшкөндө жарылуу болгон, бактыга жараша, эч ким жаракат алган эмес. Анткени ал учурда турак үйдүн ичинде эч ким болгон эмес. Учурда кырсыктын себептери иликтенүүдө”,- деп жазылат маалыматта.
Эскерте кетсек, 20-мартта Колорадо штатында анчалык чоң эмес учак бөлүнүп кетип, Орора шаарындагы үйлөрдүн биринин жанына кулап түшкөн. Жыйынтыгында учкуч өзү каза болгону айтылган.