“Өкмөткө он күн беребиз. Эгер ал “Дордой” базарынын маселесин чечпесе, контейнерлерибизди жаап, үч күндүк пикетке чыгабыз”,- деди аталган базардын профсоюзунун жетекчиси Дамира Долоталиева.
Анын айтымында, “Дордойдо” 60 миң сатуучу иштейт. Базарга 1,5 миллион адам келип, товар алат. “Дордой” Орто Азияда эң ири базар болуп эсептелинет. Эгер ал токтоп калса, бир гана Кыргызстанга эмес, коңшу өлкөлөргө да терс таасирин тийгизет”,- деди ал.