Нарын. Нарын районундагы мектеп мугалимдери билимдерин жогорулатышат

Нарын мамлекеттик университетинин алдындагы Мугалимдердин билимин жогорулатуу жана адистерди кайра даярдоо борбору 2013-жылдын 14-январынан тарта райондогу орто мектептердин мугалимдерине билимин жогорулатуу курстарын өткөрөт. Бул тууралуу аталган борбордун жетекчиси Жолдошбек Мамбеталиев билдирди. Орто мектептеги мугалимдер шарт боюнча милдеттүү түрдө 5 жылда бир билим жогорулатуу курстарынан өтүп туруулары керек. Бул жолу математика, дене тарбия жана башталгыч класстын мугалимдери билимдерин жогорулатуу мүмкүнчүлүктөрүнө ээ болушат. Окуу курстары жарым айга чейин созулуп, алыстан келген мугалимдер жатакана менен камсыз болушат. Жыйынтыгында окуудан өткөн мугалимдер сертификаттарга ээ болушуп, активдүү катышкандар диплом, грамоталар менен сыйланышмакчы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан