Лейлек районунун Кайрагач айылында көпүрө куруу иштери жүрүп жатат

Лейлек районунун Кайрагач айылында көпүрө куруу иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы бүгүн, 6-майда билдирди.

Маалыматка караганда, 4-май күнү өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов Баткен облусунун Лейлек районундагы Кайрагач айылынын Улуз участкасынын Козу-Баглан дарыясындагы ички көпүрөнүн курулуш иштери менен жеринен таанышты. Аталган көпүрө Кайрагач айылындагы 156 кожолукту башка айылдар менен байланыштырууга жана 234 окуучунун мектепке баруусуна кызмат кылат. Учурда көпүрөнүн курулушуна 1 экскаватор, 1 кран тартылып, көпүрөнүн тумбалары тургузулууда жана бетондоо жумуштары жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан