Баткенде футбол боюнча мелдеш өткөрүлдү

Баткен районунун түзүлгөндүгүнүн 80 жылдыгына карата футбол боюнча мелдеш өткөрүлдү. Бул тууралуу бүгүн,  6-майда райадминистрациянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, ага район аймагындагы айыл аймактарынан жана Баткен райондук мамлекеттик администрациясынын кызматкерлеринен түзүлгөн 9 команда катышты. 

Жыйынтыгында 1-орунду Кара-Бак айыл өкмөтү, 2-орунду Самаркандек айыл өкмөтү, 3-орунду Баткен райондук мамлекеттик администрациясынын командалары ээлешти. Жеңүүчүлөр баалуу белектерге ээ болушту.

Баткен районунун акими Сейитмурат Калыков өткөн иш-чараны уюштуруунун негизги максаты - район аймагындагы мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин спорт оюндарына болгон кызыгуусун арттыруу экенин айтып өттү. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан