Кыргыз тилин өнүктүрүү боюнча мыйзамга билдирген президенттин каршы пикири парламенттин жалпы жыйынында талкууланат. Мындай чечим бүгүн, 6-майда ЖКнын Билим берүү, илим, маданият жана спорт комитетинде кабыл алынды.
Айта кетсек, мыйзамды Жогорку Кеңеш 2013-жылдын июнь айында кабыл алган. Ал мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө багытталган. Бирок президент Алмазбек Атамбаев мыйзамда Конституцияга карама-каршы келген нормалар бар экенин айтып, документке кол койгон эмес. Аны кайра иштеп чыгуу үчүн артка кайтарган эле.
Комитет жыйынында президенттин ЖКдагы өкүлү Молдакун Абдылдаев буларды айтты:
“Бул мыйзам долбоору башка мыйзамдарга каршы келерин айтып, каршы пикир билдирген. Макулдашуу комиссиясы түзүлүп, талкуулар жүрдү. Бирок мыйзам долбоорундагы “мамлекеттик органдар, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары документтерди мамлекеттик тилде даярдайт жана кабыл алат” деген жобосу боюнча макулдаша алган жокпуз. Бул “Расмий тил жөнүндө” мыйзамга каршы келет”.