7-10-май күндөрү Орусиянын Санкт-Петербург шаарында Кыргызстандын маданий күндөрү өтөт.
Иш-чарага Жогорку Кеңештин депутаттары, өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлү, Кыргызстандын маданият ишмерлери катышат.
Кыргызстандык делегация Санкт-Петербург шаарында уюштурулган "Орус окумуштуулары "Манас" эпосу тууралуу" аттуу илимий-практикалык конференцияга, "Кыргызстан-Санкт-Петербург: тарыхый-маданий байланыштар" темасындагы тегерек столго катышмакчы.
ЖКнын басма сөз кызматынын билдиришинче, бул күндөрү Кыргызсандын маданий жана көркөм өнөр ишмерлерин КМШ Парламенттер аралык ассамблеясынын, ЖККУ Парламенттик ассамблеясынын Ардак грамоталары, ардактуу белгилери менен сыйлоо аземи болот.