Жогорку Кеңештин депутаттары 9-11-майда Москвада өтүүчү чет өлкөлөрдө жашаган кыргыз диаспораларынын "Кыргызстандын эмгек мигранттары ааламдашуу дүйнөсүндө: актуалдуу маселелер жана чечүү жолдору" аттуу III дүйнөлүк форумуна катышат.
Форумда сессия форматында бир катар маанилүү маселелер талкууланып, жыйынтыгында резолюция кабыл алуу пландаштырылып жатканын бүгүн, 6-майда ЖКнын басма сөз кызматы билдирди.
Иш-чарага Жогорку Кеңештин депутаттары, Кыргызстандын маданият ишмерлери катышмакчы.