АКШ “Орусия Тынч океан аймагында аскердик активдүүлүгүн күчөтүүдө” деп кооптонууда

Орусия Тынч океан аймагында аскердик активдүүлүгүн жогорулатууда”,- деп билдирди бүгүн, 6-майда АКШнын Тынч океандагы аба-аскердик күч кызматынын башчысы Герберт Карлайл. Муну чет элдик ММКлар жарыялашты. 

Карлайл муну Украинадагы кырдаал менен байланыштырды.

Айтымында, учурда Орусия өз мүмкүнчүлүгүн көрсөтүүдө жана алар АКШнын аскердик окуулары боюнча маалыматтарды жыйноодо.

Орусиялык аскер учактары чоң бийиктикке учуп чыгып, Калифорниянын кыркаларына жана Тынч океандагы америкалык Гуам аралына аскердик күзөт жасашууда. Американын аскердик учактары Гуам кыркаларына учуп барган Орусиянын стратегиялык бомбалоочу учактарынын алдын торойт”,- деди ал.  

Карлайл Орусиянын абада көзөмөл жасоосу Япония жана Кореянын жанында да күчөгөнүн, ошондой эле Тынч океанда өзүнүн аскердик кемелерин кеңейтүүгө аракет кылып жатканын кошумчалады. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан