Жогорку Кеңештин Билим берүү, илим, маданият жана спорт комитети Баткенде көчмө жыйын өткөрүүнү сентябрга жылдырды. Мындай чечим комитеттин 6-майдагы жыйынында кабыл алынды. Көчмө жыйын 27-майга белгиленген эле. Бирок бул маалда окуу мезгили аяктап калгандыктан, көчмө жыйын максатына толук жетпей калышы мүмкүндүгү айтылды. Көчмө жыйын 9-сентябрга белгиленди.