Акыркы коңгуроодо окуучулардан акча чогултууга, кечени кафе, ресторандарда өткөрүүгө тыюу салынды

Билим берүү жана илим министрлигинин буйругуна ылайык, өлкөдөгү бардык мектептерде быйыл Акыркы коңгуроо кечеси 24-майда өтөт. Муну бүгүн, 6-майда аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди. Окуучулардын ден соолугу жана өмүрүнүн коопсуздугу үчүн иш-чараны уюштурууга акча жыйноого тыюу салынат. Ошондой эле мектеп бүтүрүүчүлөрү менен алардын ата-энелеринин көңүл ачуучу жайларда, кафе, ресторандарда жана тоого чыгып эс алуу уюштуруусуна уруксат берилбейт. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан