Кыргызстанда "Айымдар бардыгын жасай алышат" аттуу долбоор жүргүзүлдү

2014-жылдын март айынан апрелине чейин Кыргызстанда "Айымдар бардыгын жасай алышат" аталышындагы долбоор жүргүзүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 6-майда маалымат жыйынында аталган долбоордун жетекчиси Жаңыл Момункулова билдирди.
Анын айтымында, эки айдын ичинде жаңы конуштарда жашаган айымдар жеке ишкерликтин негизги ыкмаларын үйрөнүп, бизнес-пландарды түзүү боюнча тренингдерге катышышты. "Жалпысынан долбоорго 18-35 жашка чейинки курактагы 90 айым катышты. Бул долбоорду чет өлкөлүк фонддор да колдоп, жардам көрсөтүштү",- деди ал.
Мектеп мугалими Светлана Кудайбергенова долбоордун жеңүүчүлөрүнүн бири болду. Ал жаш балдарды мектепке даярдоо боюнча бизнес-план түзүп, аны ишке ашырууга ниеттенүүдө.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Mir82
2014-05-06 12:33:27
Тике туруп заара ушатасын деген ушу да, батыштын уюмдарын-фонддорун коруп атабыз.
+1
uluk1982
2014-05-06 14:06:37
Mir82, туптуура!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!
0
Dadin
2014-05-06 13:10:58
Прическасы кантет ботом ХХХ ХХХ ХХХ...
0
admin_portal
2014-05-06 16:48:56
Dadin - берилген эскертүүлөргө көңүл бөлбөстөн эрежелерди үзгүлтүксүз бузгандыгы үчүн 10 күнгө БАН!
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан