Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондордун жаркын элесине арналган митинг-реквием болуп өттү (фоторепортаж)

Бишкекте бүгүн, 6-майда “Боордоштор көрүстөнүндө” Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондордун жаркын элесине арналган митинг-реквием болуп өттү. Аталган көрүстөндө Улуу Ата Мекендик согушта каза тапкан 248 жоокердин сөөгү коюлган. Иш-чара согуштан каза тапкандарды бир мүнөттүк эскерүү менен башталды.

“9-Май - Жеңиш күнү биз үчүн ыйык күн. Бул катаал согуш миңдеген мекендешибиздин өмүрүн алып кетти. Биз Совет доорундагы элдин кайратына сый көрсөтөбүз. Бул трагедия кыргызстандык ар бир үй-бүлөгө өз залакасын тийгизди. Мен ардагерлерге чың ден соолук кааламакчымын”,- деди борбордун мэри Кубанычбек Кулматов.

Уюштуруучулардын айтымында, аталган иш-чаралардын келечек муундун мекенчилдик сезимдерин ойготууда жана аларды тарбиялоодо мааниси зор.  

“Бул көрүстөнгө 248 жоокердин сөөгү коюлган. Аларды эскерүү иш-чаралары Жеңиш күнүнө карата жыл сайын өткөрүлүп келет. Республикалык бюджеттен 305 миң сом бөлүнүп, Биринчи Май районунда жашаган Улуу Ата Мекендик согуштун 93 ардагерине 1 миң сомдон акчалай сыйлыктар берилди. Андан сырткары аларга сый тамактар уюштурулууда. Ошондой эле социалдык кызматкерлер тарабынан ордунан жыла албаган 69 майып ардагерибиздин үйлөрүндө ар кандай кызматтар көрсөтүлмөкчү”,- дейт Биринчи Май районунун акими Аскарбек Алиев.

Иш-чарага баш калаанын мэри Кубанычбек Кулматов, вице-мэрдин милдетин аткаруучу Айгүл Рыскулова, шаардык кеңештин төрагасы Марат Аманкулов, аскер-атташелер, Кыргызстандагы элчиликтердин өкүлдөрү жана күжүрмөн эмгекчилер катышты.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан