6-8-май күндөрү Бишкектеги «Ала-Тоо» кинотеатрында Улуу Ата Мекендик согуш жөнүндө тасмалар бекер көрсөтүлөт. Уюштуруучулардын айтымында, көрүүчүлөр 6-майда Орусия менен Украина биргелешип тарткан «Матч», 7-майда Беларустун “Карышкырлар”, 8-майда “Туманда” аттуу фильмдерин көрө алышат. Бул тууралуу бүгүн уюштуруучулар кабарлашты.
Булардын ичинен «Матч» фильминин кыскача мазмунуна токтолсок: 1942-жыл. Киевдик “Динамонун” дарбазачысы жана жылдызы Николай Раневич эң кымбат нерсеси: туткунга түшүп, эркиндигинен, анан сүйгөн кызы Аннадан айрылып, футбол ойной албай калат. Анна Николайды туткундан куткарат, бирок экөө бирге өмүр сүрө алышпайт.
Кийин немистер Вермахтын курама командасы менен жергиликтүү команданын ортосунда футбол боюнча мелдеш өткөрүшөт. Ошондо Раневич досторунун баарын жыйнап, мекен, намыс жана сүйүү үчүн футбол талаасына кайрадан чыгат.