Ошто 9-Май - Улуу Жеңиш күнүнө карата Оштогу Аскердик гарнизондун аскерлеринин катышуусунда аскердик парад өтөт. Ошондой эле театрлаштырылган оюн-зоокко жалпысынан 1300 адам тартылган. Ага карата борбордук аянтта кызуу дарярдыктар жүрүүдө.
Ал эми 8-май күнү Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев жана мэриянын аппараттык кызматкерлери шаардагы ардагерлердин үйлөрүнө барып, материалдык жардам көрсөтүшөт. Ошону менен катар Токтогул Сатылганов атындагы сейил бакта спорттук мелдештер уюштурулат. Бул тууралуу бүгүн, 6-майда мэриянын басма сөз кызматы билдирди.